super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлүн кабыл алды

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-ноябрда "демократия боюнча өнөктөш" статусунун алкагында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Тинатин Хидашелини кабыл алды. 2014-жылдын апрелинде кыргыз парламентинин "демократия боюнча өнөктөш" статусун алганы өтө маанилүү экенин белгилеген төрага бул ЕКПАнын Борбор Азия аймагында ишенимдүү өнөктөшү бардыгын жана Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Жээнбеков 2015-жылы парламенттик шайлоонун маанилүүлүгүн белгилеп: "Кыргызстандын калкы 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоону таза, акыйкат, демократиялык принциптерге туура келгендей өтүшүн күтүп жатат. Бул ЕКПА менен өнөктөштүктөгү негизги шарттардын бири болуп эсептелет",- деди. Жолугушууда Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүктүрүү, адам укугун коргоо жаатындагы мыйзамдуулукту жакшыртуу, жарандык сектордун ишмердүүлүгүнүн тегерегинде да пикир алышканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: