Жалал-Абадда кылмыштуулукту азайтуу, жаштарды спортко тартуу максатында спортчулар жергиликтүү тургундар менен жолугушту








Кечээ, 11-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробековдун чакыруусу менен Дүйнөнүн профессионалдык боюнча бир нече жолку чемпиону Алмазбек Раимкулов Жалал-Абад жергесине келип, кыргыздын улуттук алыш күрөшү боюнча Дүйнөнүн, оюндарынын бир нече жолку чемпиону Нурбек Аканов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону Мадаминбек Акишов Ала-Бука жана Аксы райондорунун эли менен жолугушту.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Иш-чаранын эң негизги максаты - аталган аймактардагы кылмыштуулуктун алдын алуу, айрыкча жаштардын арасында спорт аркылуу кылмыштуулукка бөгөт коюу, элдин арасында милициянын профилактикалык иштерин жогорулатуу, милициянын аймактык бөлүмдөрүндө, коомдук алдын алуу борборлорунда коомчулук менен бирге профилактикалык иштерди жандандыруу жана элдердин ортосунда достукту, ынтымакты чыңдоо.
Бул жолугушууну Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы жетектеп, Жалал-Абад ОИИБи менен райондун акимдери, РИИБдин башчылары демилге көтөрүшкөн. «Мекеним менин – Кыргызстан!» аталышындагы иш-чаралардын алкагында «Спорт кылмыштуулукка каршы» деген ураан астында жаштар жана окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, спорт аркылуу ар улуттун ортосундагы достукту, ынтымакты чындоо, жаштарды спортко тартуу, мекенчилдикке жана патриоттуулукка тарбиялоо жана элге спорттун бардык түрүн жайылтуу башкы максаттардын бири болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
talant87

12.11.2014. 12:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз аке Падектик болотко Нурбек карадарядан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.