super.kg logo
  Саясат  

Бишкекке бүгүн Кытай делегациясы иш сапары менен келет

 

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чжоу Ли баштаган делегация бүгүн, 12-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапар алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар күтүлүүдө. Делегация КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушмакчы.

Кытайлык делегация айрым өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкан соң Ош облусунда болуп, өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев менен да кезигишет. КСДП фракциясынын чакыруусу менен келген делегация Кыргызстанда 16-ноябрга чейин болот.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: