Парламент Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды
Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз улуттук университети ысымын алып жүргөн улуу ойчул, илимпоз жана акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө боюнча мааракелик иш-чараны уюштуруу жана белгилөө тууралуу токтом долбоору каралды.
Баяндама жасаган депутат Каныбек Осмоналиев ЮНЕСКОнун эгидасы астында Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө маселеси каралганы жатканын маалымдап: “Биз бул чыгаан инсанды улуттук баалуулуктардын катарында улуу рухий мурас катары таануубуз кажет”,- деди ал.
Талкуунун соңунда көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен сунушталган Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

