super.kg logo
  Саясат  

Ири энергетикалык объектилер курула турган жерлерге мораторий колдонуу жокко чыгарылууда

 

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы ири энергетикалык объектилердин курулушу түшө турган жерлерге мораторий талаптарын колдонбоо демилгеси каралды. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мыйзам долбоору өкмөт тарабынан өлкө аймагында курула турган ири энергетикалык объектилердин курулушуна кеңири жол ачуу, инвестиция тартууга жагымдуу шарт түзүү максатында иштелип чыккан. Депутат Сайдулла Нышанов экинчи окууда мыйзам долбооруна карата кошумча сунуштар келип түшпөгөнүн билдирип, кесиптештерин колдоп коюуга чакырды. Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберишти.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: