"Кыргызстандыктар ветеринария жаатындагы укуктарын билишпейт" дейт депутат Узакбаев
Кыргызстанда жарандардын көпчүлүгү ветеринария жаатындагы өздөрүнүн укуктарын билишпейт. Муну 12-ноябрда "Парламент" радиосундагы түз эфирде Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаев билдирип, көйгөйдү чечүүчү мыйзам долбоору каралып жатканын билдирди. "Жаңы мыйзамда "Ветеринардык палата" деген түшүнүк киргизилүүдө. Бул орган мал ээлери менен ветеринария кызматынын байланышын жакшыртат. Ветеринария жаатында жарандардын укуктарын коргойт",- деди депутат.
Депутат жаңы мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчик ветеринария иштеп баштай турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

