“Манас” аэропортунда аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан зер буюмдар кармалды

“Манас” аэропортунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жүк алтындан жасалган зер буюмдар болгон. Ал Түркиядан алынып келе жаткан. Наркы 2 миллион сомдон ашык товарга бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.