Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 25 пайызы китеп менен камсыздалган эмес

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 75 пайызы гана китеп менен камсыздалса, калган 25 пайызына окуу куралдары тартыш болуп келет. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын китептерди басып чыгарууга бюджеттен 200 миллион сом бөлүнөт. “Китептердин керектүү көлөмүн чыгарыш үчүн 600 миллион сом керек. Мындан улам Билим берүү министрлиги заманбап технологияларды колдонуп, электрондук китептерди чыгарууну туура көрүүдө”,- деди вице-премьер-министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.