Жогорку Кеңеште Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлору каралууда
Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому экинчи окууда каралууда. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунун жол картасында ченемдик-укуктук актыларын Бажы биримдигинин талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган аракеттер камтылган. Кыргызстан 32 мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 90дон ашуун ченемдик-укуктук актыларын Бажы союзунун талаптарына ылайык келтириши керек. Бажы союзу Кыргызстан мүчөсү болуп саналган Дүйнөлүк соода уюмунун ченемдерине каршы келбей турганын кошумчалады.
Аталган маселе боюнча 14 мыйзам долбоору талкууланып жатат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

