super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлорундагы каталарды айтышты

 

Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоорунун топтому экинчи окууда каралып жатат. Жыйында депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоорунда бир нече лингвистикалык каталар бар экенин билдирди. “Лингвистикалык каталарын оңдогула деп сунуш кылганбыз, кайра эле ошол бойдон экен. Мисалы, “Бажы биримдиги” дегендин ордуна “Бажы союзу”, “көзөмөл” дебей, “контроль” деп жазылып турат”,- деди ал. Депутат Мыктыбек Абдылдаев мыйзам долбоорунун орус тилинде жазылган вариантын кароону сунуш кылды. “Орусча вариантын карабасак, Орусия, Беларусь жана Казакстан өлкөлөрү кыргызча вариантын карашпайт”,- деди депутат.   

Экономика министри Темир Сариев лингвистикалык каталар кайрадан оңдолуп чыгарын билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: