super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев ирандык делегацияга туризм тармагына инвестиция салууну сунуштады

 

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 12-ноябрда Ирандын Мазендеран провинциясынын губернатору Рабии Фаллах Желодар жетекчилик кылган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда биринчи вице-премьер айыл чарба, кайра иштүү өнөр жайы, кен иштетүү жана туризм тармагын инвестициялоону иран тарапка сунуштады. "Биздин өлкөлөр ортосунда дээрлик экономиканын бардык тармактарында пайдаланылбаган чоң мүмкүндүктөр жатат. Өкмөт Кыргызстан аймактарынын Иран провинциялары менен соода-экономикалык кызматташуусунун активдешүүсүнө жана тереңдешине кызыкдар. Тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөлөр ортосундагы аймактык кызматташуулар натыйжалуу",- деди Сарпашев.

Рабии Фаллах Желодар Ирандын президенти Хасан Роухани өзүнүн алгачкы ирет чет мамлекетке жасаган сапарын Кыргызстандан баштаганын айтуу менен буларды билдирди:  

"Мазендеран провинциясы Кыргызстандын аймактары менен иштиктүү шериктештик мамилесин түзүүгө кызыкдар. Алсак, Ысык-Көл облусу менен кызматташууну өнүктүрүүгө карата кызыгуу бар. Мазендеран – Ирандын туристтер байма-бай каттаган аймагы. Ошондой эле провинция айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча лидер болуп саналат жана анда 30 миңден ашуун инженерлер катталган".  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: