super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков депутат Бекешевге: "Сен мага буйрук берип, депутаттарды санаткыдай деңгээлге жете элексиң"

 

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште спикер Асылбек Жээнбеков менен депутат Дастан Бекешевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жыйында Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору добуш берүүдөн өтпөй калгандан кийин Асылбек Жээнбековго кайрылып буларды айтты: Мен азыр добуш берүүнүн тизмесин алдым. Депутаттар башка кесиптештери үчүн дагы добуш берип жатышат. Депутаттар чиптерин жыйынга таштап кетишүүдө. Бул тамаша эмес. Мен мусулманмын, сиз дагы мусулмансыз. Көзү азиз адамды алдабай, чынын айтыңызчы, жыйында канча депутат отурат? Мага санап бериңизчи?”

Депутаттын сөзүнөн кийин спикер: “Мыйзамың өтпөй калса эле мусуманчылыкты аралаштырып ар кайсыны айта бербе. Эми мен залды кыдырып депутаттарды санап берейинби? Мени депутат санаткан деңгээлге азырынча өсүп жете элексиң, мага тийишпе”,- деп жооп кайтарды. Жыйын аяктагандан кийин спикер депутатка бул маселенин чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: