super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз улуттук университетинин ректору качан дайындалары белгисиз

 
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун дайындоонун кечигип жатышы соттук териштирүүлөргө байланыштуу. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, ректорлукка талапкер катары катталбай калган Айылчы Сарыбаев менен шайлоодо утулган Нурзак Асанбеков шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, сотко арызданышкан. 
Эскерте кетсек, аталган окуу жайдан ректорун шайлоо быйыл 18-октябрда өткөн. Анда талапкер Алтай Бөрүбаев алдыга чыккан эле. А.Бөрүбаев 214 добуш алса, экинчи орунду (161 добуш) КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев, үчүнчү орунду (153 добуш) окуу жайдын Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова ээлегени жарыяланган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: