Быйыл 9 ай аралыгындагы тышкы соода жүгүртүү 5 миллион сомду түздү
Каржы министрлигинин расмий сайты 10 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу аналитикалык маалыматты жарыялады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Алдын ала маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2014-жылдын январь-сентябрында 5 086,7 миллион АКШ долларын түздү. Көрсөткүч 2013-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 3,4 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт –1 096,1 миллион АКШ доллары (5,7 пайыз көбөйүү), импорт – 3 990,6 миллион АКШ доллары (5,6 пайыз азаюу).
Экспорттун көлөмү алтынды эсепке албаганда, 693,6 миллион АКШ долларын түздү (азаюу 6,2 пайыз болду).
Импорттун экспорттун көлөмүнөн алдыга өсүшүнө байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2 894,5 миллион АКШ долларын, 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,3 пайыз азаюуну түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

