Мыктыбек Абдылдаев "Кыргызстанда азыр премьер-министр жок” дейт
Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште премьер-министр Жоомарт Оторбаев учурда кыргыз өкмөтү жаңы форматта иштеп жатканын билдирди. Айтымында, негизги маселелер боюнча министрлер доклад жасап, депутаттардын суроолоруна премьер-министр кошумча комментарий берип турат. “Мен сиздерге айтып коюшум керек, биз акыркы 2-3 жылдан бери жаңы форматта иштеп жатабыз. Маанилүү маселелер боюнча тиешелүү министрлер доклад жасашат, мен комментарий берип турам”,- деди ал.
Мындан кийин депутат Мыктыбек Абдылдаев: “Мен бул айткандарыңыздан кийин "Кыргызстанда учурда өкмөт башчы жок экен" деген пикирге келдим. Бизде чындап эле өкмөт башчы жок, сиз комментарий берип жүрө бериңиз”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

