Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн кесепети менен таанышууда
Бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жумуш сапарынын алкагында министр жер титирөөдөн жабыркаган калктын абалы менен жеринен таанышып, ӨКМдин бул багытта жүргүзүп жаткан иштерин жеке көзөмөлүнө алып, райондук жарандык коргоо комиссиясынын иши боюнча маалыматтарды угат. Эскерте кетсек, 28-январдагы Ысык-Көл облусунда 6,5 баллдык жер титирөө катталып, анын кесепетинен 12 турак үй авариялык абалга келгендиги белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

