super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев депутат Равшан Жээнбековду күзгүгө каранып алууга чакырды

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште экономика министри Темир Сариев менен депутат Равшан Жээнбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Депутат өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жаткан учурда Темир Сариев: “Сиз 2-3 күн мурун “Кардарлар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого катышып жаткан аялдарга “эрте келип алыпсыңар, жазында келсеңер болмок, ошондо революция болмок, митингге чыкмакпыз" деп айттыңыз. Бул таптакыр туура эмес. Коррупция жөнүндө да абайлап сүйлөңүз. Сиздин атаңыз (ред. Бабырбек Жээнбеков) Монополияга каршы агенттикти жетектеп турганда кандай иштегенин, аягы эмне менен бүткөнүн жакшы билесиз. Адам бирөөгө сын айтардан мурун өзүн күзгүдөн карап алышы керек. Өзүңүз да министр болуп турганда кимден канча акча сураганыңыз, кимден алганыңыз, баары белгилүү. Мына министрлер, вице-премьерлер отурушат. Бүгүн эми аппак болуп чыккыңыз келип жатабы? Бул катуу сөз, бирок мен айтышым керек болчу, айттым”,- деди Сариев.

Мындан кийин Равшан Жээнбеков: “Туура айтасыз, күзгүгө каранып жүрүшүбүз керек. Сиз дагы миллиондорду ким менен бөлүшүп жатканыңыз тартылган видеоңузду жакшылап карап коюңуз. Ал үчүн кийинки бийлик келгенде жооп бересиз”,- деди. 

Спикер экөөнү темадан алыстабоого чакырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: