super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз көмүр" ишканасына көмүр казуучу техника сатып алууга өкмөт 50 миллион сом бөлдү

 
"Кыргыз көмүр" ишканасына көмүр казуучу жана ташып жеткирүүчү техника сатып алууга 50 миллион сом бөлүндү. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 13-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Акча бөлүүнүн максаты - көмүр өндүрүү көлөмүн көбөйтүү жана "Кыргыз көмүр" ишканасын жандандыруу. "Кыргыз көмүр" ишканасынын өзүнүн техникалары жок болгондуктан, буга чейин экскаватор, оор жүк ташуучу унааларды жана жүк жүктөп берүүчү техникаларды ижарага алып иштетип келген. Ижара акысына жылына 25 миллион сом кетчү",- деп билдирет өкмөт. 
Бөлүнгөн акчага ишкана экскаватор, бульдозер жана жүк жүктөп берүүчү техника сатып алмакчы. Муну менен "Кара-Кече" кенинде көмүр өндүрүү күчөй турганы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: