super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлөрү белгисиз

 
Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлөрү белгисиз. Муну парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында 2015-жылдын бюджети каралып жатканда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Премьердин айтымында, мугалимдердин айлыгын жогорулатуу үчүн өкмөт акча издейт. "Каржы булактарын табышыбыз керек. Кийинки жылда кошумча киреше булактары пайда болсо, алардын эсебинен мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселеси сөзсүз каралат",- деди өкмөт жетекчиси. Бул маселе боюнча депутат Каныбек Осмоналиев менен өкмөт башчынын кыскача сүйлөшүүсү төмөндө:
Каныбек Осмоналиев: - Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу боюнча Жогорку Кеңеш жакында эле токтом кабыл алынган. Бирок айлыктары көтөрүлбөйт окшойт. Эми ушинтип чырылдап, чырылдап эле кала беребизби? 
Жоомарт Оторбаев: - Сиз туптуура айттыңыз... 
Каныбек Осмоналиев: - Эмнени туптуура айттым? Чырылдап эле кала беребизби?! 
Жоомарт Оторбаев: - Жок, мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин туура айттыңыз. Биз алардын айлыгын көтөрүү үчүн акча табышыбыз керек.
Эскерте кетсек, мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча парламент 15-октябрда атайын токтом кабыл алган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: