super.kg logo
  Спорт  

10 жыл мурун иштен чыккан республикалык олимпиадалык резервдеги бассейн оңдоп-түзөө иштеринен кийин ишке берилди

 

Бүгүн, 13-ноябрда Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынын бассейни ишке берилди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кызыл лентаны кесүүгө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев, окуу жайдын директору Муратбек Кыбраев, Спорттун суудагы түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн республикалык мектебинин директору Ильвира Жогина баштаган бир катар спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты. 

Бассейн жайгашкан имараттын терезелери, эшиктери, чатыры алмаштырылып, кошумча бөлмөлөр оңдолуп-түзөлгөн. Ошондой эле сууну тазалоо жана канализация системи толугу менен алмаштырылган. Бассейндин узундугу 25 метрди түзөт. Бул комплексти окуу жайда спорттун 8 түрү боюнча билим алган окуучулар, улуттук кураманын мүчөлөрү кезектешип сууда сүзүү менен машыгууга пайдалана алышат.

Эске салсак, бассейн авариялык абалдан улам акыркы 10 жылдан бери иштебей турган. Бассейн жайгашкан спорткомплексти капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүү үчүн бюджеттен 15 миллион сом бөлүнгөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: