Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш өтөт

Бишкекте 17-23-ноябрь аралыгында СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке КРнын Волейбол федерациясынан каттоодон өткөн бардык облустардын жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катыша алат. Оюндар Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт.
Кошумчалай кетсек, мелдеш 2013-жылы Ош шаарында уюшулуп, ага 16 команда катышкан. Анда жеңишке Ысык-Көл облусунун “Жаңы муун” командасы жетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.