super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова "депутат Аманбаевага козголгон кылмыш иши негиздүү" деди

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеш депутат Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иши тууралуу башкы прокурор Аида Салянованын маалыматын укту. Салянова депутаттын үстүнөн “коррупция” беренеси боюнча айып коюлганына негиз бар экенин айтып, аны прокуратура суракка алууга даяр экенин билдирди. 

"Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары менен камсыздоо департаменти 2013-жылдын 25-мартынан 29-мартына чейин Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 2008-2012-жылдарда кургак учукка каршы күрөшүүдөгү дары-дармектерди рационалдуу пайдалануу жаатындагы ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө дары каражаттарын колдонуу боюнча каржылык мыйзам бузуулар болгону аныкталган”,- деди башкы прокурор.

Маалыматка таянсак, учурда депутат ооруканада дарыланып жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: