super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Коалициялык көпчүлүк бүгүн Сотторду тандоо кеңешинин 4 өкүлүн тандайт

 

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 14-ноябрда жыйын өткөрүп, Сотторду тандоо кеңешине 4 талапкер тандайт. Мындай чечим парламенттин 12-ноябрдагы жыйынында кабыл алынган. Жыйында депутаттар Сотторду тандоо кеңеши көптөн бери иштебей туруп калганын айтышып, кеңештин мүчөлөрүн бекитүүнү тездетүү керектигин билдиришкен. Буга чейин кеңештин мүчөлүгүнө 20 талапкер тандалып, 4 талапкер тандала элек болчу.  

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: