Башкы прокуратура: Депутат Урмат Аманбаеванын мүлкүнө арест коюлду
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын мүлкүнө арест коюлду. Муну 13-ноябрдагы парламент жыйынында башкы прокурор Аида Салянова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Башкы прокурор депутатка козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери убактылуу токтоп турганын айтты. "Бир нече жолу тергөөгө чакырылганына карабай Урмат Аманбаева суракка келген жок. Ал азыр Ош шаарындагы жеке менчик "Ош-Кардио" медициналык борборунда дарыланып жаткандыктан, тергөө убактылуу токтоп турат. Тиешелүү жактардан депутаттын ден соолугу жөнүндө медициналык корутундулар суратылып жатат",- деди башкы прокурор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

