Сайдулла Нышанов “депутаттар каалагандай тайраңдап жатабыз, мындан ашык бакыт болбойт” дейт
“Мурунку президенттердин тушунда катуу сын айткан депутаттарды керек болсо парламент жыйындарынан сүйрөп чыгып кетишчү. Азыр андай нерсе жок, депутаттар каалаганын айтышууда, бирөө "сен" дебейт. Болушунча тайраңдап жатабыз, мындан ашык бакыт болбойт",- деди депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында. Нышанов депутаттарды жакшы нерсени үмүт кылууга чакырды. "Жазында революция болот" дегендер ойлонсун. Революция болбойт, эгер болуп кетсе, бийлик азыр бийликти эңсеп жаткандарга тийбейт. Аны башкалар алып коёт",- деп кошумчалады депутат.
Депутат доллардын курсу боюнча алдын ала божомолдорду элге жеткирип туруу сунушун өкмөткө айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

