super.kg logo
  Саясат  

“Ата Мекен” фракциясы мөңгүлөр боюнча тапшырманы аткарууга өкмөткө бир ай мөөнөт берди

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 14-ноябрдагы жыйынында "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин карап жатат. Жыйын жүрүшүндө фракция өкмөткө мөңгүлөргө келтирилген зыяндардын методикасын бир айда иштеп чыкпаса, тиешелүү жетекчилерди кызматтан кетирүү тапшырмасын берди. Фракция лидери  Өмүрбек Текебаев “Кумтөрдөгү” зыян тарткан мөңгүлөрдүн методикасы 20 жылдан бери иштелип чыкпай жатканына токтолду. “Биз өкмөткө канча ирет кайрылдык, методикасын иштеп чыккыла деп. 6 ай мурун да тапшырма бергенбиз. Жок дегенде Канададан деле көчүрүп алгылачы, биз бекитип берели. Бир ай убакыт беребиз, эгерде даяр болбосо, айыл чарба жана мелиорация министринин жана тиешелүү жетекчилеринин үстүнөн прокуратурага кат жазып, “шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козготобуз”,- деди ал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: