Кыргызстанда 12 калыс Эл аралык бокс федерациясынын 1 жылдызына ээ

"Кыргызстанда 12 калыс Эл аралык бокс федерациясынын 1 жылдызына ээ. Коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстанда мындай көп калыс жок",- деп билдирди бүгүн, 14-ноябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Бокс федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкулов.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Анын айтымында, учурда жогорку категориядагы калыстар аз болгондуктан, чет жерлерге чакыруулар аз болууда.
Кошумчалай кетсек, Эл аралык бокс федерациясынын жобосуна ылайык, 1 жылдызга ээ болгон калыстар өлкө биринчиликтеринде жана ар кандай эл аралык мелдештерде кызмат кыла алышат. Ал эми 2 жылдызга ээ болгон калыстар Азия чемпиондугун тейлей алышат. Эң алдынкы категория болгон 3 жылдыз ээлери Дүйнө чемпиондугунда, Азия чемпиондугунда, Азия оюндарында, Олимпиада оюндарында кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.