super.kg logo
  Спорт  

Мамлекеттик органдардын спартакиадасында командалык эсепте Каржы министрлиги менен Ички иштер министрлиги жеңүүчү атылышты

 
КРнын Ички иштер министрлигинин өкүлүнө сыйлык тапшырылууда.
Коргоо министрлигинин өкүлү экинчи орун үчүн каралган кубокту алууда.
Күч түзүмдөрүнө кирген органдар арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 3-орунду ээледи.
1-орун. КРнын Каржы министрлиги
2-орун. КРнын Салык кызматы
3-орун. КРнын Экономика министрлиги
Бүгүн, 14-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов мамлекеттик органдардын арасында өткөн спартакиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды. Топтогон упайларынын эсеби боюнча КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында ИИМдин командасы биринчиликти алды. Ал эми күч түзүмдөрүнө кирбеген органдар арасында Каржы министрлиги алдыга чыккан. 
Кошумчалай кетсек, мелдешке жалпысынан 38 мамлекеттик мекемеден 1898 киши катышты. 
Күч түзүмдөрүнө кирбеген органдар арасында 1276 катышуучу болду. Байгелүү орунду ээлеген командалар тизмеси:
1-орун. КРнын Каржы министрлиги 
2-орун. КРнын Салык кызматы 
3-орун. КРнын Экономика министрлиги 
КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын арасындагы 622 катышуучу болду. 
1-орун. КРнын Ички иштер министрлиги 
2-орун. КРнын Коргоо министрлиги
3-орун. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: