super.kg logo
  Саясат  

Президент Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Александр Жирковду кабыл алды

 

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн өлкөбүзгө келген Орусия Федерациясындагы Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) Төрагасы, «Дүйнө элдеринин эпостору» эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Александр Жирков Алмазбек Атамбаевге кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын окуп үйрөнүү жана эл арасына жайылтуу ишине салым кошуп жаткан «Дүйнө элдеринин эпостору» эл аралык ассоциациясынын ишмердиги туурасында айтып берди. Тактап айтканда, аталган ассоциациянын колдоосу менен «Манас» эпосу якут тилине которулгандыгын кабарлады.

Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы «Манас» эпосунун жана манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгынын дүйнөлүк маданият казынасы үчүн зор маанисин белгиледи. Александр Жирков Алмазбек Атамбаевге якут тилине которулган «Манас» эпосун жана кыргыз тилине которулган «Ньургун баатыр» якут олонхо-эпосун тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Александр Жирковго Кыргызстан элинин маданий мурасын окуп үйрөнүүгө жана эл арасына жайылтууга, ошондой эле илимий-маданий чөйрөдө элдерибиздин ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: