super.kg logo
  Саясат  

“Ар-намыс” фракциясы 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоорун атайын талкуулоо чечимине келди

 

Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын 14-ноябрдагы жыйынында "Кыргызстандын 2015-жылкы республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Отурумда депутат Айнуру Алтыбаева Эсептөө палатасынын маалыматтарына таянуу менен көмүскө экономиканы ачыктоо, өндүрүлбөгөн салыктарды өндүрүү маселелери тууралуу пикирин айтса, фракция лидери Феликс Кулов эң башкы маселе каражатты кайдан табууда болуп жатканына токтолуп, республикалык бюджетти толтурууда жаңы каржы булактарын издештирүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары бажы тармагындагы айрым кемчиликтерди жоюу керектигин кошумчалады. Сунушталган долбоор Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн эске алынбай түзүлгөнүн жана бул маселени фракция жакынкы жыйындарынын биринде өзүнчө карай турганын эскертип, өкмөт мүчөлөрүн даярданууга чакырды.

Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди мыйзам долбоорун 2-окуудан кароого чейин эске алуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: