super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Илимий ачылыштарды экономикада иш жүзүндө колдонуу керек"

 

Бүгүн, 14-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев КРнын Улуттук илимдер академиясынын түптөлүшүнүн 60 жылдыгына карата өткөн аталган академиянын сессиясына катышты. "Биздин өлкөдө илимдин гүлдөп-өнүгүшү 20-кылымдын 60-70-жылдарына туура келген. Бул жаңы иштеп чыгууларга жана технологияларга муктаж болгон экономиканын тармактарынын өнүгүшүнө байланыштуу болгон. Ошол жылдары жергиликтүү окумуштууларга ийгилик алып келген ачылыштар жана ойлоп табуулар орун алганы белгилүү. Алардын арасында өзгөчө таза сурьманы алуу ыкмасы, плазма жана оптика жаатындагы технологиялар, карбид, сульфид жана оксиддерден композициялык материалдардын химиялык синтез ыкмаларын иштеп чыгуу, малдардын жаңы тукумун ойлоп чыгуулар жана ар түрдүү багыттагы жана түрдөгү сөздүктөрдү түзүү иштери кирет. Ошол мезгилде орун алган ачылыштар кийинки мезгилдеги илимдин өнүгүшүнө негиз түзгөн",- деди өкмөт башчы.

Оторбаев Улуттук илимдер академиясынын тутумун реформалоо зарыл экенин белгилеп: "Учурда илим келечектүү эсептелген бир нече багытка басым жасап, ал эми илимий ачылыштар өлкө экономикасында иш жүзүндө пайдаланылышы керек",- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: