Жылнаама, 15-ноябрь: Кикбокс боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Руслан Абасовдун көзү тирүү болгондо 38 жашка чыкмак. Ал быйыл унаасын жардыруудан улам каза тапкан

Руслан Абасов 2014-жылы 27-мартта унаасын жардыруудан улам каза тапкан. Окуя Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болуп, спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы Москвада, Кызыл аянтта Леонид Брежнев менен коштошуу зыйнаты болуп өткөн. Леонид Ильич Брежнев 1982-жылы 10-ноябрда 75 жаш курагында каза тапкан. Советтик жол башчыларды акыркы сапарга узатууда табыттын артынан медаль, ордендерин баркыт жаздыкчаларга коюп көтөрүп өтүү салт болгон. Башкача айтканда, бир офицер бир сыйлыкты көтөрүп өтчү. Брежневде андай сыйлыктардын саны 200дөн ашкандыктан, бир жаздыкчага бир нечесин жайгаштыруу каралган. Ошентип офицерлердин саны 44кө чейин кыскарган. “Брежневдин табытын мүрзөгө түшүрүүдө таштап жиберишкен. Бул телевидениеден түз берүүдө да билинген” деп айтылат эл арасында. Бирок муну атайын жасашканбы же кокустукпу, ачылбаган бойдон калган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1996-жылы поп-музыканын падышасы Майкл Жексон медайым Деби Роуга үйлөнгөн. Бул никесинен ырчы 1 уул, 1 кыздуу болуп, 1999-жылы Дебби Роу менен ажырашып кеткен.


15-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.