super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге кошулуудагы милдеттерин ыкчам аткарып жатканын айтты

 

Бүгүн, 14-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жана соода маселеси боюнча коллегия мүчөлөрү Валерия Корешкованы жана Андрей Слепневди кабыл алды. Өкмөт башчы коллегия мүчөлөрүн өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кошулуусу алкагында көрсөтүлүп жаткан методикалык жана консультациялык көмөк көрсөтүүсүнө ыраазычылык билдирди.

Евразия экономикалык комиссия чоң иштерди аткарды. Сиздердин адистер тарабынан министрлик жана ведомство кызматкерлерин окутуу үчүн баалуу жардам көрсөтүлдү. Кыргызстан өлкөнүн Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин ишке ашырууда жогорку темпти алды",- деп билдирди премьер-министр.

Оторбаев кыргыз өкмөтү тарабынан республиканын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндө келишим долбоору макулдашуу процессинен өтүп жатканын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: