Нуржан Таштанов Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Нуржан Таштанов Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 12-ноябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун министрликтен билдиришти. Таштановду жамаатка юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов тааныштырып, анын ишине ийгилик каалады.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Юстиция министрлиги
Нуржан Таштанов:
1974-жылы 19-октябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган.
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык менен бүтүргөн.
Кесиби - юрист.
Эмгек жолун 1996-1998-жылдары Юстиция министрлигинде бөлүмдүн адиси болуп иштөөдөн баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

