Жогорку Кеңештин комитети жаштардын Сирияга кетишин токтотуу боюнча Ошто көчмө жыйын өткөрөт
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 17-ноябрда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Талкуулана турган тема: "Диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү", тактап айтканда, жаштардын Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга кетүү жолдорун жабуу, мунун алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды күчөтүү. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, аталган маселе боюнча Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков баяндама жасамакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

