super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин депутаттары 14-ноябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч менен жолугушту. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи тааныган Түркия менен Кыргызстандын кызматташтыгы жакшы жолго коюлганын айтты. Депутаттар Түркиянын Кыргызстандагы билим берүү долбоорлору ийгиликтүү ишке ашып, сапаттуу кадр даярдоого салым кошуп жатканын белгилешти.

Метин Кылыч тарыхы, тили, маданияты, дили орток болгон эки элдин өлкө жетекчилеринин саясий жана экономикалык жактан кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин билдирип: "Эки боордош өлкө ортосундагы мамиле саясий кызматташтык менен эле чектелип калбай, билим берүү, маданият, адабият чөйрөлөрүнөн да кызматташуубуз зарыл”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: