super.kg logo

Гүлнур Асанованын жеке концертинде ырчыга "Түрксой" уюмунун Токтогул Сатылганов атындагы медалы тапшырылды

 

16-ноябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Гүлнур Асанова алгачкы жолу жеке концертин берди. Алып баруучулук тизгинди Алмаз Касымалиев жана Элмара Турсуналиева башкарышкан кечеде алгач Гүлнур Асанованын балалыгын, чыгармачылык жолун чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң ырчы “Теңир-Тоо” ансамблинин коштоосунда “Карагул ботом” чыгармасын аткарып, көрүүчүлөрдүн коштоосуна арзыды. Бул кечеде ал комузда кол ойнотуп, фольклордук, эстрадалык багытта обон созду. Анын ар бир чыгармасын “Керемет”, “Ханыша”, “Виктория”, “Шаттык” бий топторунун бийчилери коштоп турушту. Гүлнур Асанованы КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова жана ырчы Аскат Мусабеков куттуктап ыр сунушту.

Г.Асанова жеке концертинде көптөгөн сыйлыктарга арзыды. Алсак, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Андан тышкары "Түрксой" Эл аралык уюму уюштурган фестивалдарда кыргыз маданиятын жайылтууга салым кошкону үчүн аталган уюмдун өкүлү атайын төш белги такты (сыйлык Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт). Мындан сырткары КРнын Өкмөтүнүн жана КРнын Президентинин Иш башкармалыгынын Ардак грамотасы, "Түрксой" Эл аралык уюмунун 20 жылдык алтын медалы тапшырылды. Ошондой эле ырчыны КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана башка министрликтердин өкүлдөрү куттуктап өтүштү.

Биринчи жолу жеке концертин ийгиликтүү берип алган Г.Асанова: “Мен бул күндү көпкө күткөм. Чыгармачылыктын казанында 8 жылдан бери кайнап, тажрыйба топтоп, кыялымды орундатып алганыма сүйүнүп жатам. Жеке концерт берүү оңой эмес, ал көптөгөн каражатты талап кылат. Менин бул концертимди колдогон бир тууган эжеме ыраазычылыгымды билдирем”,- дейт. 






Гүлнур Асанова концертинде алтын медаль тагынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(39)
17.11.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайм! Чыгармачылыгын онуго берсин!
SUPER.KG видео
18.11.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
билбейм, бул кызда эмнегедир талат деле жок, хит ыры деле жок, же кинону жыргатбайт. тушунбой.
SUPER.KG видео
18.11.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ ен сонун таланты бар уну керемет...
Модератор admin_media түзөттү 19.11.2014 09:24
SUPER.KG видео
18.11.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ ХХХ эн мыкты актриса
Модератор admin_media түзөттү 19.11.2014 09:26
SUPER.KG видео
18.11.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
менин ойумча жакшынакай эле ырдайт жарк этип адырандап ырдап сахнага чыгып секирген ырдын кереги деле жок шайтандарды бийлетип менин ойумда башка ырчы айымдарга караганда эң сонун себеби кийингени журум туруму эң жакшы башкалардай болуп жылдыз оорусу менен оорубайт озуңуздун колуңуздан келеби ушундай ырларды даратыш аял деген ойумда ушул кыздай болуш керек биринчи орунда бул дуйноодо ыйман уят ынсап турат бул кызда баары бар аллах озу колдосун алга
SUPER.KG видео
18.11.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айланайын кыргызым адамды баалаганды үйрөнөлүчү..качан болсо катасын таппай..Ошондой. ХХХ ХХХ ХХХ.Гүлнур Асанова эжебизге ийгиликтерди каалайм..Алга Кыргызстан . ("Patriot KG**
Модератор admin_media түзөттү 19.11.2014 09:33
SUPER.KG видео
18.11.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ун десе ун он десе он бар тогорогу топ келишкен айым мындан арыда чыгармачылык бийиктик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: