Баткен. Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү көпүрөлөр курулуп бүткөнү калды
Баткендеги Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү 2 көпүрөнүн курулушу бүткөнү калды. Муну парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнест Мамырканов билдирди. Айтымында, аталган көпүрөлөрдүн курулушуна 25 миллион 300 миң сом жумшалууда. “Биринчи көпүрөнүн узундугу 36 метр, экинчисиники 18 метр. Биринчи көпүрөнү куруу иштеринин 90 пайызы, экинчи көпүрөнүн курулушунун 60 пайызы бүттү. Көпүрөлөрдү куруунун негизги максаты – Тажикстандын аймагын айланып өтүү менен транспорт коопсуздугун камсыздоо”,- деп билдирди Мамырканов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

