super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун оңдоо иштерин текшерет

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кийинки жылы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун оңдоо иштерин текшерет. Муну бүгүн, 17-ноябрда аталган комитеттин жыйынында депутат, комитет төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Жыйында аталган жолду оңдоого кошумча 15 миллион доллар бөлүү боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу талкууланууда. Депутаттар бөлүнүп жаткан акчанын пайдаланышынан шек санашты жана долбоордо коррупциялык иштер болушу мүмкүн экендигин айтышты. Мындан кийин Иманалиев: "Азыр макулдашууну жактырып берели. Бирок кийинки жылы көчмө жыйын өткөрүп, курулуш иштери менен жеринен таанышып келели",- деп билдирди.

Сунушту комитет мүчөлөрү жактырышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: