super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтү 10 жылга кыскартылууда

 
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстанда жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтүн кыскартууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттин карамагында турган айыл чарба, турак жай куруу багытындагы жер тилкелеринин ижара мөөнөтүн кыскартууну көздөйт. Ага ылайык, айыл чарба багытындагы кайрак жерлерди ижарага берүү мөөнөтү 10 жылга, сугат жерлерди берүү 5 жылга кыскартылууда. Эски норма боюнча мамлекеттин сугат жерлери ижарага 45 жылга берилип келген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: