super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Кожобеков: "Кыргызстандыктар Сириядагы согушка негизинен Түркия аркылуу барышууда"

 

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү темасы боюнча көчмө жыйын өткөрүүдө. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында депутат Алмазбек Баатырбеков: "Диний багытта адистер менен бирге иштелип чыккан бирдиктүү программанын алкагында жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл",- деди.

Депутаттар Кыргызстанда жашыруун иш жүргүзгөн эл аралык экстремисттик уюмдар өлкөдө диний экстремизмдин идеяларын жайылтууга аракеттенип жатканын, алар интернет түйүнүндө видеотүрмөктөрдү жайгаштыруу менен жарандарды согушка жалдоого умтулуп жатканын айтышты.

УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Акылбек Кожобеков учурда жалданган же алданган адамдарды Кыргызстан аймагынан согуш болуп жаткан аймактарга жетирүү боюнча бир нече туруктуу мыйзамсыз каттамдар бар экенин, анын негизгиси Кыргызстан-Казакстан-Орусия-Түркия-Сирия каттамы болуп саналарын билдирди. Мындан тышкары кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Бишкек-Стамбул жана Ош-Стамбул авиакаттамдары менен уча турганын кошумчалады. Анын айтымында, келечектеги жихадчылар Түркияга барганда, аларды тосуп алгандар Сирия менен чектеш аймактарга жеткирип турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: