Тармактык комитет өлкөнүн 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун кароодон баш тартты
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети өлкөнүн 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун кароодон баш тартты. Добуш берүүдө көпчүлүк депутаттар маселени кароого каршы чыгышты. Депутат Бахадыр Сулейманов Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын каражатты пайдалануусу боюнча нааразычылык билдирип: "Тышкы иштер министрлиги бюджетти бекитип жатканда аз сумманы айтып, кийин анын көлөмүн көбөйтөт. Министрликтин бюджетинин долбоорун республикалык бюджеттен бөлөк карайлы",- деди.
Айта кетсек, аталган комитет мурунку жыйындарында да бул маселени кароодон баш тартып келген. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев Каржы министрлигинин өкүлүнө кайрылып: "Өткөн жыйындарда кемчиликтерди айтканбыз. Өзүңөр иштебей жатасыңар да, депутаттар менен тыгыз иштешкиле",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

