super.kg logo
  Саясат  

"2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

 
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-ноябрда "2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, адам укуктарынын негизги принциптерин, абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоо, мамлекеттик жөнгө салуу жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү системин өркүндөтүү, мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту андан ары бекемдөө, ошондой эле Кыргызстан калкынын маданиятын, тилин жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы, өлкөнү өнүктүрүүнүн өзгөчөлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун эске алуу менен  төмөндөгүдөй токтом кылынды:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-ноябрында жактырган 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын тиркелген концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып, концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын 2015-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын;

2) Иш-чаралардын планын ишке ашырууну финансылык камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу менен бирдикте жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка институттары менен кызматташып, концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкка, диний уюмдарга кеңири маалымат берүүнү камсыз кылсын.

4. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: