super.kg logo
  Саясат  

Кылмышкердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө өкмөт 200 миң сом бөлдү

 
Бишкекте жакында кылмышкердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө жардам катары өкмөт 200 миң сом бөлдү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 17-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү кечинде Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда ок тийип каза тапкан эле. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда кылмышкер ок чыгарып, оперкызматкерге эки ок тийгени маалымдалган. 
Кылмышкер кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: