Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого 23 миллион доллар бөлүү демилгесин колдоду
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоого 23 миллион 760 миң доллар бөлүү демилгесин колдоду. Комитеттин 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашуу долбоорун талкуулап, жыйынтыгында жактыруу чечими кабыл алынды. Аталган макулдашууга 2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясында кол коюлган.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнест Мамыркановдун айтымында, аталган жолду оңдоого өкмөттөн 2,4 миллион доллар бөлүнүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

