Жылнаама, 18-ноябрь: Мындан 12 жыл мурун актёр Болот Бейшеналиев 64 жаш курагында жүрөк оорусунан каза болгон
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы актёр Болот Бейшеналиев 64 жаш курагында жүрөк оорусунан каза болгон.
* Мындан 87 жыл мурун, 1927-жылы советтик жана орусиялык кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, жазуучу, акын, драматург, продюсер Эльдар Рязанов Самарада туулган. Ал С.И.Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык кинематография университетине тапшырган. 1950-жылы "Алар Москвада окушат" аттуу дипломдук иши менен университетти аяктаган. Аяктаган соң көптөгөн документалдуу тасмаларды тарткан. 1955-жылы "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болуп дайындалып, "Жазгы үндөр" аттуу ревю-тасмасын койгон. Бир жылдан кийин "Карнавал түнү" кинокомедиясын тартып, бул тасма ийгиликтүү болгон. Рязановдун "Италиялыктардын Орусиядагы укмуштуудай окуялары", "Арыз китебин бергиле", "Унаадан сак бол", "Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!", "Кызматтагы роман" аттуу тасмалары ийгиликтүү болгон.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы АКШнын Массачусетс штатынын Жогорку Соту штаттын Баш мыйзамы бир жыныстагылардын никесине тыюу салбай турганын аныктап, АКШда бир жыныстуу жуптарга нике укугун берген эң биринчи штат болгон. Штаттын сенаторлору соттун чечимин так эмес деп, тактоону сунушташкан. 2004-жылы 4-февралда бул сунушту караган Жогорку Сот "гомосексуалисттер дагы никеге турууга укугу бар" деген чечим чыгарган. Ошентип, 2004-жылдын 17-майынан баштап бир жыныстуу жуптар никеге тура алышат. Башка штаттын тургандары Массачусетсте 2008-жылдын 31-июлунан баштап бир жыныстуу никеге туруу укугун алышкан.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ал 1937-жылы 25-июнунда Чүй облусунун Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында төрөлгөн. Опера жана балет театрынын алдындагы студияга тапшырып, аны аяктап, Ташкенттеги Театралдык институтту окуп бүтүргөн. Алгачкы ролу "Тайгак кечүү" фильминде болгон. Андан кийин "Биринчи мугалим" тасмасы экрандаштырылып, Болот Бейшеналиевге мугалим Дүйшөндүн ролу берилген. Кыргыз фильмдериндеги "Ак Мөөрдө" Болоттун, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Отко таазимде" Азизовдун, "Жамиляда" сүрөтчүнүн ролун аткарган. Орто Азия боюнча Болот Бейшеналиев жүздөн ашык кинотасмага тартылып, "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы жана казактардын "Алтын көпүрө" сыйлыгы, Ардак грамоталары менен сыйланган.


18-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.