super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Кыргызстанда диний экстремизмге каршы мамлекеттик программа түзүү керектигин айтышты

 

Кыргызстанда диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа түзүү зарыл. Муну парламент депутаты Нурлан Төрөбеков бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Төрөбеков белгилегендей, мындай мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш түзүлүшү керек. “Балким, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкамалыгынын, Ички иштер министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш өлкөдөгү улуттук идеологиянын жоктугунан келип чыккан мындай көйгөйдү чече алат”,- дейт депутат.

Анын пикиринде, калктын көпчүлүгүн тартуу менен гана диний экстремизм жана эл аралык терроризм көйгөйү чечилиши мүмкүн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: