Нурлан Насиптин Студенттер күнүнө карата берген жеке концертинде ырчы күйөрманын сахнага алып чыгып, атайын ыр сунду


























































17-ноябрь - Студенттер күнүнө карата Бишкектеги Спорт Ордосунда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2012-2013-жылдары "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын жеңип алган ырчы Нурлан Насип жеке концертин берди. Саат 18:30га белгиленген концерттин көшөгөсү туптуура 19:40та ачылса, көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээлешти.
Лазердик шоу менен коштолгон концертти “Тумар КР” бий тобу ачып берди. Андан соң күйөрмандарын көпкө күттүргөн Нурлан Насип ыр сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк таап, хитке айланган ырларын жаңыртты. Комузда, аккордеондо кол ойноткон ырчы жандуу үн менен эски кайрыктардан созду. Бул учурда көрүүчүлөр ышкырып, кыйкырып сүрөп, колдоп отурушту. Андан тышкары Нурлан мырза күйөрман кыздарына сюрприз уюштуруп, жумшак оюнчукту залда отурган кыздарды көздөй ыргытып, аны тосуп алган селкини сахнага алып чыгып, ага арнап ыр сунду.
Алып баруучулук тизгинди башкарган Азамат Исмаилов менен Асел Кадырбекова келген көрүүчүлөргө оюн-зоок уюштурушуп, залды күлкүгө бөлөштү. Бул концертке алыстан ат арытып келген казакстандык “Арай” тобунун жигиттери Нурлан Насиптин “Туулган күнүң”, “Эки жаш” аттуу ырларын казакча аткарышты. Ошондой эле конок катары келишкен казак ырчылары Алтынбек, Димаш Кудайбергенов өнөрлөрүн тартуулашты.
Бул концертте көрүүчүлөр КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова, кыргыз эстрада ырчылары Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Малика Дина, Сайкал Садыбакасова, Жоодарбешимдин өнөрүнө да күбө болушту.
Концерт дээрлик 4 жарым саатка созулуп, аншлаг менен өттү.
Нурлан концертинде Аселди жүгүнттү


Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатканын купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз, рахмат!
Саламатсызбы! Токтоп калып жатканы интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды. Башка видеолорду кандай көрсөтүп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз. Рахмат!
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Эскертүү!