super.kg logo

Нурлан Насиптин Студенттер күнүнө карата берген жеке концертинде ырчы күйөрманын сахнага алып чыгып, атайын ыр сунду

 
Сахна сыртында.
"Тумар КР" бий тобу.
Нурлан Насип.
Асел Кадырбекова жана Азамат Исмаилов.
Оюнга катышкан көрүүчүлөр.
Нурлан мырза күйөрман кыздарына сюрприз уюштуруп, жумшак оюнчукту залда отурган кыздарды көздөй ыргытып, аны тосуп алган селкини сахнага алып чыгып, ага арнап ыр сунду.
"Арай" тобу.
"Арай" тобу.
"Арай" тобу.
Сахна сыртында.
Сайкал Садыбакасова жана Малика Дина.
Димаш Кудайбергенов.
Нурлан Насиптин ата-энеси.

17-ноябрь - Студенттер күнүнө карата Бишкектеги Спорт Ордосунда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2012-2013-жылдары "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын жеңип алган ырчы Нурлан Насип жеке концертин берди. Саат 18:30га белгиленген концерттин көшөгөсү туптуура 19:40та ачылса, көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээлешти.

Лазердик шоу менен коштолгон концертти “Тумар КР” бий тобу ачып берди. Андан соң күйөрмандарын көпкө күттүргөн Нурлан Насип ыр сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк таап, хитке айланган ырларын жаңыртты. Комузда, аккордеондо кол ойноткон ырчы жандуу үн менен эски кайрыктардан созду. Бул учурда көрүүчүлөр ышкырып, кыйкырып сүрөп, колдоп отурушту. Андан тышкары Нурлан мырза күйөрман кыздарына сюрприз уюштуруп, жумшак оюнчукту залда отурган кыздарды көздөй ыргытып, аны тосуп алган селкини сахнага алып чыгып, ага арнап ыр сунду.   

Алып баруучулук тизгинди башкарган Азамат Исмаилов менен Асел Кадырбекова келген көрүүчүлөргө оюн-зоок уюштурушуп, залды күлкүгө бөлөштү. Бул концертке алыстан ат арытып келген казакстандык “Арай” тобунун жигиттери Нурлан Насиптин “Туулган күнүң”, “Эки жаш” аттуу ырларын казакча аткарышты. Ошондой эле конок катары келишкен казак ырчылары Алтынбек, Димаш Кудайбергенов өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул концертте көрүүчүлөр КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова, кыргыз эстрада ырчылары Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Малика Дина, Сайкал Садыбакасова, Жоодарбешимдин өнөрүнө да күбө болушту.

Концерт дээрлик 4 жарым саатка созулуп, аншлаг менен өттү.






Нурлан концертинде Аселди жүгүнттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(79)
18.11.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо концерт сонун болгон го ийгилик сага Нурлан дайыма жонокой болуп эле журо бер!!!
18.11.2014. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына сага концерт деп ушуну айтсак болот!
18.11.2014. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорку денгээлде откону байкалып турат. Нурлан азззамат )
18.11.2014. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошго качан экен
18.11.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концерт аябай жакшы болду. Элдин эн артында отурсам концертке ыраазы болдум. Мага сахнанын жасалгасы, кийимдеринин озгочолугу, жаны музыкалар, Казакстандан келген коноктордун Нурландын ырын аткаргандары жакты. Бирок 1-антракттан кийин жандуу музыкасы кичине окшошпой калды. Музыканттардын даярдыктары жок экен.
18.11.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кадырбекованар кантет айнанайын адамдын журогун тушуруп...
18.11.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
super info;kachan mediaga videosu chygat boldu eken
18.11.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maksat-kg-kg1, саламатсызбы!
Репортаж жакынкы арада "Супер ТВ" бөлүмүнө чыгат. Ал эми концерт колубузга тийсе эле жүктөлөт.
18.11.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Daaa voobshe soonun boldu
18.11.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин маанайы ачык. Концерт деп ушуну айт!
18.11.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи жолу Нурланга коммент жазып жатам.
Озум концертке барып келгенсип суротторун коруп олтуруп чыныгы таланттуу жигит экенин байкадым.
Костюдары сахна жасалгасы баары топ келишип турат.
Онорун оркундой берсин.
Алдыда чон ийгиликтерди багынт..Азаматсын...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: