Исмаил Исаков экстремизмди жайылтууга калктын жакыр жашашы түрткү болуп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков аймактык экстремизмге каршы күрөшүүдө алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл экенин парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин 17-ноябрдагы көчмө жыйынында айтты. Депутаттын билдиришинче, мамлекет жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн бардык күчүн жумшашы кажет. "Өлкөдөгү социалдык кырдаал экстремизмди жайылтууда чечүүчү орунду ээлейт. Өкмөт социалдык-экономикалык, маданий чөйрөдө иштеп, аталган көрүнүштүн алдын алышы керек. Каржылык фактор биздин жарандардын чет өлкөгө кетип жатышынын негизги себеби болууда",- дейт Исаков.
Депутат бирдиктүү чара көрмөйүн диний экстремизмге каршы күрөшүү кыйын экенин белгиледи.
Эскертме: Коргоо жана коопсузук комитети 17-ноябрда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп, анда кыргызстандык жарандардын Сириядагы согушка кетүүсүн токтотуу маселеси талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

